Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз"
Саясат
Сооронбай Жээнбеков: "Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз"

"Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо - баарынан бийик". Бүгүн, президент парламентте сөз сүйлөп, акыркы 2 жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Мамлекет башчы өз сөзүндө ушул жылда боло турган шайлоо өнөктүгүн тынч өткөрүү жана парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босого тууралуу да оюн айтты. Аны менен катар Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн берген антын кабыл алды.


Бүгүн өлкө башчысы жаңырган жылдагы жогорку кеңештин алдындагы алгачкы кайрылуусун жасады. Аны менен бирге кызматына жаңыдан киришип жаткан Өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды. Президент өз баяндамасында өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү багытында аткарылган иштерге токтолду. Сот укуктук реформа, коррупция менен күрөш тууралуу кенен айтты. мугалимдердин, ак халатчандардын айлыгын жогорулатуу, айыл кыштактарды таза суу менен камсыздоо, ирригация, жол куруу, аймактарда инфратүзүмдү жакшыртуу маселесин көтөрдү.


Вице-премьер-министрлик кызматка киришип жаткан Акрам Мадумаров жана Эркин Асрандиев ант берди. Мадумаров чек ара жана коопсуздук маселелерине жооптуу. Асрандиев экономика жана ЕАЭБ иштерин тескейт. Ант бергендердин катарында мурдагы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров да бар. Ал мындан ары өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектейт.


Өлкө башчысы өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн антын кабыл алып, андан соң борбордук трибунада сөз сүйлөдү. Президент аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясаттын жана анын президенттик ишиндеги негизги багыты экендигин баса белгиледи.