Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда ири саясий окуялар өткөнү турат
Саясат
Быйыл Кыргызстанда ири саясий окуялар өткөнү турат


Быйыл Кыргызстанда ири саясий окуялар өткөнү турат. Бул жергиликтүү кеңештерге, Бишкек шаардык кеңешине жана албетте Жогорку Кеңешке эл өкүлдөрүн шайлоо. 



Ошол эле учурда саясат таануучулар парламенттик шайлоо дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө өткөн саясий окуялар сыяктуу эле сөзсүз түрдө популизм, чыр-чатак, убада, чайкоочулук өңдүү коомдук чыңалуулар менен коштолот деген ойдо. Ага чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы ишин жыйынтыктайт. Парламенттин бул чакырылышынын ишмердүүлүгүнө да эксперттер баасын берүүдө. POST1RIGHT

Парламенттик шайлоо өлкөдө 2020-жылдын эң башкы саясий окуясы болот. Учурда саясий күчтөр акырындык менен жанданып, күздө өтө турган шайлоого даярдык көрө баштаганы байкалууда. Талдоочулардын пикиринде парламенттик шайлоолор көптөгөн өлкөлөрдө өткөн саясий окуялар сыяктуу саясий күчтөрдүн күрөшү. Демек шайлоо жарышына түшкөн саясий күчтөр бири-бирине чайкоочулук, “кара пиар” сыяктуу саясий технологияларды колдоноору айдан ачык, - дейт талдоочулар. 



Бирок шайлоонун шарапатын үчүнчү күчтөр да колдонуп кетиши мүмкүн. Бул кооптонууну да эстен чыгарбаш керек, - дейт эксперттер. Болгондо да ири акча менен абалды чайкоого аракет кылып, коомду бөлүп-жарам деген күчтөр да болушу ыктымал. Мындан улам саясат таануучулар мамлекеттин бүтүндүүлүгү, саясий туруктуулук баарынан маанилүү жана кымбат деген ойдо. 



Ошол эле учурда эксперттер үчүнчү күчтөрдүн терс аракеттеринин алдын алуу үчүн “кара пиар” сыяктуу ыплас технологияларды колдонуу менен шайлоого аттанган партиялар күчтөрүн ачык саясий күрөштө гана сынашы керек деген пикирде.