Жаңылыктар
2019-жылы өлкө бюджети өзүнүн социалдык багытын сактап кала алды
Экономика
2019-жылы өлкө бюджети өзүнүн социалдык багытын сактап кала алды

2019-жылы өлкө бюджети өзүнүн социалдык багытын сактап кала алды. Бир катар социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулады. Ошондой эле былтыр өлкө бюджетине түшкөн киреше мурдагы жылдарга салыштырмалуу өсүш берген. 


Өлкө капчыгына түшкөн кирешелер негизинен мамлекеттик инвестициялык программанын линиясы боюнча атайын каражаттардын жана тышкы гранттар менен насыялардын эсебинен толукталат. Буга кошумча салыктан жана бажы төлөмдөрүнөн түшкөн кирешелер да бар.


Ал эми мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун максаттарын жана милдеттерин каржылык жактан камсыз кылууга багытталган акча каражаттары да өткөн жылы өсүш берди.


Ошентип бюджеттик кирешелер жана чыгымдар бөлүгүн аткаруунун жыйынтыктары, буга кошумча бюджеттеги тартыштыкты жабуунун булактары боюнча, былтыркы жылдын каржылык абалы 8 млн сомдун тегерегиндеги калдык менен аяктады. Экономисттердин баамында бул көрүнүш канааттандыраарлык.