Жаңылыктар
Заманбап лабораториялар эл аралык аккредитациядан өтүү аракетинде
Кыргызстан жаңылыктары
Заманбап лабораториялар эл аралык аккредитациядан өтүү аракетинде

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкекте жана Ошто жайгашкан заманбап лабораториялары азыр эл аралык сыноо лабораторияларынын сынагынан өтүүдө. 

Башкы максат - алар жөнөткөн үлгүлөрдү бул жерден текшерип, ишти сапат жагынан далилдөө менен эл аралык деңгээлдеги аккредитацияны алуу болуп жатат. Эл аралык аккредитация деген өзү аябагандай оор процесс. Сынактан өтүү үчүн айлап эмес, жылдап даярданышат. Ишти сапат менен далилдеп, анализдик текшерүүнүн жыйынтыктары бирине-бири дал келген шайкештик тестинен өтүш керек. Мындай ири лабораториялардын жабдууларын Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун алкагында, Россия Федерациясы бөлгөн каражаттын эсебинен 290 млн сомго алган. Булар тышка айыл чарба продукцияларын экспортко чыгарган учурда эл аралык деңгээлдеги сертификаттарды бере турган лабораториялар. 

Буга чейин Евразиялык экономикалык биримдикке, Иран, Япония, Араб мамлекеттерине, Европанын айрым өлкөлөрүнө жөнөткөн тастыктамаларды берип келсе эми Европанын калган бөлүгү менен Батыш өлкөлөрүн багындыруу керек болуп турат.

"Биздин результат 98,99 -100% туура чыгып атат",- деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов.