Жаңылыктар
Электрондук сатып алуулар казынага пайда алып келди
Экономика
Электрондук сатып алуулар казынага пайда алып келди

Электрондук сатып алуулардын негизинде былтыр казынага 5 миллиард 561 миллион сом  үнөмдөө болгон. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришүүдө. Маалыматка ылайык, учурда мекеменин адистерин  окутуп даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер өткөрүүлөр айрыкча  коррупциялашкан схема менен коштолгондуктан, тармакта реформа жүргүзүү чечими кабыл алынган. Ал арада жергиликтүү серепчилер маселе азырынча чийки болуп жатканын айтышып, министрлик тарабынан алымча-кошумчалар киргизилиши керектигин айтышууда.

Кыргызстанда электрондук мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү системасынын киргизилиши менен, бул тармакта «акча менен иш  бүтүрүү» мүмкүн болбой калганын адистер айтышууда. Муну менен коррупцияны  түп-тамырынан жок кылууга мүмкүн болбосо дагы, анын көлөмүн азайтууга өбөлгө түзүлгөн. Былтыркы жылы тармакка жасалган реформанын жыйынтыгы байкалып, казынага 5 млрд 561 млн сом үнөмдөө болгонун Каржы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев айтат.

Мамлекеттик сатып  алуулардын электрондук системасын ишке киргизүү үчүн  Армения, Грузияга 5-6 жыл талап кылынса, Кыргызстанга 8 ай гана убакыт керектелген. Жаңы системаны ыкчам ишке ашыруу бир жагынан жакшы болгону менен экинчи жагынан айрым маселелер бышпай калган учурлар дагы бар экенин Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев белгилейт. Эксперттин баамында, бул багытта Каржы министрлиги эске ала турган бир катар маселелердин катары калың.

Адистердин айтымында, Мамлекеттик  сатып алуулардын Бирдиктүү электрондук системасын киргизүү, ири жана жеке инвестицияларды тартууга байланыштуу көйгөйлөрдү  чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана ага чоң роль ойнойт. Ишкерлер өлкөдөн чыкпай туруп эле түрдүү тендерлерге катыша алат. Ал эми чет элдик инвесторлор биздин өлкөгө келбестен эле өз товарларын онлайн түрүндө сатат. Муну менен өлкө экономикасын чыңдоого жашымдуу шарт түзүлүүдө. Ошондой эле  бизнес, мамлекет жана коомдун ортосундагы өз ара мамилелердин таза жана түшүнүктүү эрежелерин аныктайт, соодада атаандаштыктын көбөйүшүнө түрткү болот. Чет элдик инвесторлор ачык-айкындуулукту жактырарын эске салган Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, Мамлекеттик сатып алуулар  системасындагы кемчиликтер катары буларды белгиледи.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жемкорлук аралашкан сатып алууларда сапатсыз товарлардын баасы жогору көрсөтүлгөн учурлар көп катталууда. Буга байланыштуу товардын баасынын бир аз кымбат болуусуна карабай анын сапатына карап тандоо иши жолго коюлуп жатат.Бул аракеттердин жыйынтыгында быйыл жыл башынан бери мамлекеттик мекемелер менен акционердик коомдорду кошпогондо жергиликтүү өз алдынча башкарууга багытталган каражаттан эле 1 млрд сом үнөмдөлгөн. Ал эми  бул жаңы кызматты  аз колдонгон мамлекеттик мекмелерди эң коррупциялашкан тармак катары да кабылдаса болот-дешет эксперттер.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”