Жаңылыктар
Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жыл жыйынтыгын чыгарды
Билим
Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары жыл жыйынтыгын чыгарды

Былтыр илимдер академиясы 98 долбоор боюнча илимий-изилдөө иштерин аткарып, ички бюджеттен тышкары эл аралык донор уюмдардын каражатын колдонушту. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган сессияда айтылды. Мындан тышкары окумуштуулар жаңы ойлоп табуулар боюнча 21 патентке ээ болушкан. 

Ошондой эле, Академиянын биотехнологиялар институту былтыр коёндордун кыргын оорусуна каршы вакцинаны ойлоп таап, өндүрүшкө берген. Быйыл болсо малдын жугуштуу ылаң ооруларын дарылоо багытында вакциналарды жасоону улантканы жатышат. Андан тышкары академиянын жетекчилиги илим жаатына жаш кадрларды тартууга дагы маани берүүдө.

"Академияда жалаң картайгандар толуп кетти деген сынды көп уга баштадык. Ошондон улам быйыл магистратура бөлүмүн ачканы жатабыз. Жаштар келсин ишке",- дейт КР УИАнын президенти Мурат Жуматаев.