Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы спорт мектеби жабылабы?
Спорт
Ысык-Көл облусундагы спорт мектеби жабылабы?

Ысык-Көл облустук Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жабылышы мүмкүн. Мындай чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан кабыл алынып, пилоттук долбоор катары сунушталууда. Бул чечимге облус аймагындагы машыктыруучулар каршы. Алардын пикиринде спорт мектебиндеги 35 машыктыруучунун жана тогуз жүздөн ашык тарбиялануучунун жагдайы тынчсыздандырат. 

Бул багытта машыктыруучулар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу учурунда билдиришти. Айтымдарында, спорт мектебин башка облустарда калтырып, жалгыз Ысык-Көл облусунда жабуу агенттик тарабынан туура эмес жүргүзүлгөн саясат катары бааланууда. Бул маселе боюнча алар текшерүү иштерин жүргүзүүнү өкмөт өкүлүнөн суранышты. Машыктыруучулар мындан сырткары Каракол шаарындагы ат майданын реконструкциялоо ишинин кечеңдеши жана Ысык-Көл районундагы спорт агенттигине тиешелүү пансионаттын тагдыры боюнча да териштирүү иштерин колго алуу керек дешет.

"Элүү жылдык тарыхы бар жакшы иштеп келген олимпиадалык атайын адистештирилген спорт мектеби эмнеге жабылышы керек. Муну пилоттук долбоор деп жаап атканына нааразы болуп жатабыз. Жабылып калса отуз беш машыктыруучу, алардын колундагы тогуз жүз спортсмен балдар кайда барат. Өлкө башчысы айтып жатат го аймактарды өнүктүрүү жылы, балдарды колдоо жылы деп. Буга биздин министрлик каршы иштеп жатабы бизге түшүнүксүз",- дейт спорт ардагери Болот Тыналиев.