Жаңылыктар
Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси эркинен ажыратылды
Дүйнө
Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси эркинен ажыратылды

АКШнын президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Рожер Стоун соттун чечими менен үч жыл, төрт айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазды. 

Маалыматка ылайык, ал Конгрессте жалган маалымат берген жана күбөлөргө кысым кылган деп айыпталган. Стоунга коюлуп жаткан айыптардын негизгиси - ал Конгресстин Өкүлдөр Палатасында өзүнүн «WikiLeaks» сайты менен байланышы болбогонун айткан деп айтылат маалыматта. 

Атайын иликтөө сайттын ээсинде Демократиялык партияга таандык серверден уурдалган документтер тууралуу маалыматы бар экенин аныктаган. Кошумчалай кетсек, прокурорлор Рожер Стоунду 7 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратууну суранышкан. Бирок буга Дональд Трамп каршы чыккан. Башкы прокурор Уильям Барр өкүм тууралуу сунушту кайра карап чыгууну тапшырган. Бирок ишти карап жаткан төрт прокурор кызматтан кетүүгө арыз жазышкан.