Жаңылыктар
Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт
Экономика
Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт

Быйыл Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди. 

Анын айтымында, суунун тартыштыгына байланыштуу, электр энергиясы импорттолушу мүмкүн. Баасы жана канча көлөмдө сатылып алына тураганы азырынча белгисиз. Учурда Казакстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.