Жаңылыктар
Мамлекеттик органдардагы коомдук кеңештин мүчөлөрүн шайлоого сынак жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик органдардагы коомдук кеңештин мүчөлөрүн шайлоого сынак жарыяланды

Мамлекеттик органдардагы коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча мурдагы курамынын иш мөөнөтү аягына чыккандыгына байланыштуу комиссиянын катчылыгы жаңы мүчөлөрдү шайлоого сынак жарыялады. 

Комиссиянын мүчөлүгүнө ишке жөндөмдүү, 25 жаштан өйдө, жогорку билимдүү, соттолбогон, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштебеген, жарандык демилгелердин жана коомдук иштерде тажрыйбага ээ болгон жарандар талапкер боло алат. 

Комиссиянын мүчөсү коомдук кеңештин мүчөсү болбошу керек. Коомдук кеңештин мүчөсү жарандык сектордон Комиссияга мүчөлүккө шайлануу үчүн сынакка катыша алат. Комиссияга мүчө болуп шайланып калган учурда анын коомдук кеңештеги мүчөлүгү токтотулат. Сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтерди жеке колго, почта же электрондук почта аркылуу жеткирүү керек. Арыздарды кабыл алуу 10-мартта аяктайт.