Жаңылыктар
Баткенде электрондук документ жүргүзүү боюнча окутуу башталды
Аймак
Баткенде электрондук документ жүргүзүү боюнча окутуу башталды

Баткенде «Жергиликтүү бийлик органдарында айрым ченемдик укуктук актыларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу» аталышындагы окутуу башталды. 

Анын жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын айырмалоо, иш кагаздарын мамлекеттик тилде даярдоо, сапатын жакшыртуу боюнча айтылып, иш кагаздарынын типтүү нускамасынын жаңы долбоору тааныштырылды. Ошондой эле өлкө башчысынын аймактарды өнүктүрүү, өлкөну санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашып жаткан “Түндүк” “Электрондук документ жүргүзүү” “Санарип аймак” системалары менен иштөө боюнча түшүндүрмө берилди. Мындай окутуу эң алгач Баткен облусунан башталып, бир айдын ичинде, өлкөнүн бардык аймактарына өтөт.

“Санариптештирүүнү өзүнүздөр билесиздер бул документ жүргүзүүдөгү процестерди эртелетет, документ жеткирүү бат болот. Ошондой эле документтерди аткарган кишилерге өбөлгө түзөт, ушул документти эртерээк алып,эртерээк аткарганга. Негизги мүмкүнчүлүктөрү ушул”,- деди Өкмөттүн Аппаратынын канцелярия бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Асанкулов.