Жаңылыктар
Кыргызстандагы тил саясатын өркүндөтүүнүн абалы кандай?
Билим
Кыргызстандагы тил саясатын өркүндөтүүнүн абалы кандай?

Бишкекте “Кыргызстандагы тил саясатын өркүндөтүүнүн абалы жана мейкиндиги” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Анда мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга, Кыргызстанда жашап жаткан этностордун тилдерин сактоо менен аларды окуп-үйрөнүү, өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун аткарууга жетишүү багыттары талкууланды. 

Жыйын 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган. Ага мамлекеттик кызматкерлер, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер, окуучулар катышты.