Жаңылыктар
Чек ара маселеси: Баткен менен Согди облустарынын кызматташуу пландары талкууланды
Чек ара
Чек ара маселеси: Баткен менен Согди облустарынын кызматташуу пландары талкууланды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода Баткен шаарында жолукту. 

Өкмөт өкүлү кыргыз тажик элинин кылым карыткан достук мамилесин бекемдөө, чек аралаш аймактарда ар дайым туруктуулукту камсыз кылуу максатында биргеликте иштөө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин илгерилетүүгө көмөктөшүү үчүн, чек арага чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, эл арасында түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр чатактарга жол бербөө максатында, облустун күч түзүмдөрү тыгыз кызматташтыкта, биргелешип иштөөнү улантууну макулдашышты. 

Бул күнү облус башчылары Баткен облусу менен Согди облусунун алдыдагы жылдарга кызматташуу планын талкуулоодо. Бул жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Акрам Мадумаров менен Азим Иброгим жетектеген чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкагында өтүүдө.