Жаңылыктар
Кыргызстандын Энергохолдинги 150 млн сомдун тегерегинде таза киреше тапты
Экономика
Кыргызстандын Энергохолдинги 150 млн сомдун тегерегинде таза киреше тапты

Кыргызстандын Энергохолдинги быйыл 150 млн сомдун тегерегинде таза киреше тапты. Эң башкы жетишкендиги - энергетика тармагы үзгүлтүксүз, туруктуу иштешин камсыз кылды. Кышта эл үшүбөй, энергетика тармагында ири кырсык катталган жок. Башында энергия тартыш болсо импорт алабыз деген ой болгону менен, өзүбүз өндүргөн энергия өзүбүзгө жетти. Бул тууралуу жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында "Улуттук энергохолдинг" башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди. 

Ошондой эле быйыл план боюнча өлкөдө 300 миңден ашык абонентке акылдуу эсептегичтер коюлат. Салыштырмалуу 2013-жылдан бери жалпысынан 215 миң акылдуу эсептегичтер коюлган. Быйыл алардын наркы бир топ эле арзан болот.

"Мен келгенге чейин 15-20 миңдин ортосунда сатылып коюлуптур. Азыр кайра-кайра сүйлөшүп баасы түштү. Мисалы 1 фаза 2,5 миң сомго чейин, 3 фаза беш миң сом. Бул баадан ашпайт",- деди "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров.