Жаңылыктар
Россиянын элчиси «Кыргызтестке» жогору баа берди
Кыргызстан жаңылыктары
Россиянын элчиси «Кыргызтестке» жогору баа берди

Россиянын элчиси «Кыргызтестке» жогору баа берди. Ал тил билүү мүмкүнчүлүгүн сынаган системаны жарандардын жашоосун жеңилдетип, байланыштарды бекемдөөгө шарт түзөөрүн айтты. Дипломат ар улут эне тилин билиши керек экенин белгиледи. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак кызматташуу жылынын алкагында элчи Николай Удовиченко менен Президенттин Аппаратынын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев өз эне тилдеринде тест тапшырышты.

“Мага абдан жакты. Заманбап жабдуулар, заманбап усулдар иштейт экен. Тутум эл аралык деңгээлде таанылса Россия менен байланыш түзүп жаткан жарандарга да жеңилдиктерди берет”,- деди Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовченко.