Жаңылыктар
Баткен жана Согди облустарынын кызматташуу пландары бекитилди
Чек ара
Баткен жана Согди облустарынын кызматташуу пландары бекитилди

Баткен шаарында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чаралар планы бекитилди. Маалыматка ылайык, ага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кол койду. 

Иш-чаралар планы 33 пункттан турат. Анда негизинен социалдык экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода-экономикалык байланыш, ынтымак жана достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар боюнча чогуу аракеттенүү белгиленди.