Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылына искусство чеберлери даяр
Маданият
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылына искусство чеберлери даяр

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын Москва шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш аземине искусство чеберлери даярдык көрүшүүдө. 

Анда өлкөнүн мыкты делген ырчылары, бий топтору, хор коллективдери, “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли жана Бишкек шаардык мэриянын эл аспаптар оркестри катышат. Өнөрпоздор өздөрү да, костюм, жасалгалоо иштери да толук даяр экендиктерин билдиришти.