Жаңылыктар
Кыргызстандык эркин күрөшчү Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду
Спорт
Кыргызстандык эркин күрөшчү Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду

Кыргызстандык эркин күрөшчү Арсалан Будажапов спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болду. 

Ал 79 килограммга чейинки салмакта финалда индиялык балбан Балиян Гоурав менен күч сынашып, 7:5 эсебинде жеңишти камсыздап, Азия чемпионатынын алтын байгесине ээ болду. Күмүш медаль Балиян Гоуравга ыйгарылса, коло байгелер ирандык Али Бахтияр Савадкоуши менен жапониялык балбан Шинкичи Окуиге буюрду. 

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Будажапов 22-февралда эркин күрөштөн 79 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жалпы үч беттеш өткөрдү. Будажапов мелдешти чейрек финалдан баштап, алгачкы беттешинде Галимжан Эсербаевди 4:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык балбан Али Бахтияр Савадкоушини 3:1 эсеби менен утту. 

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргыз балбандары эки күмүш үч коло байге алышкан. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын, Айсулуу Тыныбекова коло медалын тагынды.