Жаңылыктар
Былтыр мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталды
Экономика
Былтыр мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү аныкталды

Былтыр мамлекетке 3 млрд 489 млн 607 миң сом зыян келтирилген. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бул 2018-жылкы көрсөткүчкө караганда 1 млрд 200 млн сомго көп. 

Мурдагы жылы мамлекеттик казына 2 млрд 245 млн 152 миң сомго зыян тарткан. 2019-жылы мамлекеттик казынага 1 млрд 308 млн 296 миң сом кайтарылган. Жалпысынан өткөн жылы 491 млн 705 миң сомдук мүлк камакка алынган.