Жаңылыктар
Путин, Меркель жана Макрон телефон аркылуу байланышты
Дүйнө
Путин, Меркель жана Макрон телефон аркылуу байланышты

Грета Тунбергдин аты өтө сезгенчээк болгон үлүлгө ыйгарылды.

Лондондо башына операция жасалып жатканда бейтап скрипкада ойногон.

Путин, Меркель жана Макрон телефон аркылуу байланышты.


Брунейде окумуштуулар тарабынан табылган үлүлдүн жаңы түрүнө швециялык экоактивист Грета Тунбергдин аты ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.Маалым болгондой, Бруней, Нидерланды, Малайзия, Италия жана Франциянын изилдөөчүлөрү Брунейдин аймагынан циклофорид түркүмүнө кирген үлүлдүн жаңы түрүн табышкан. Окумуштуулардын айтымында, үлүлдүн бул түрү кургакчылыкка, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана токойлордун кыйрашына өтө сезгенчээк келет. Бул үлүл климаттын өзгөрүшүн өтө оор кабыл алгандыктан, ага швециялык экоактивист Грета Тунбергдин ысымын берүүнү чечишкен.

"Бул үлүлгө Гретанын ысымын берүү менен жаш муундун климаттын  өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө болгон жоопкерчилигин, ошондой эле келечек муундун  аларга жардамга келиши керектигин кабыл алып жатабыз", - деген аталган үлүлдү алгачкылардан болуп тапкан Жонатан Лим.

Грета Тунберг дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп жаткан эң жаш экоактивист. Ал 2019-жылы декабрь айында "Time" журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп табылган.


Скрипач аял Лондон шаарындагы Королдук колледждин хирургдарына өзүнө операция жасаганга жардам берди. Анын башындагы шишикти алып жатканда кыймылдын милдеттерин аткарган органдары иштеп жатканын аныктоо үчүн скрипкада ойногон.«Euronews» басылмасынын маалыматы боюнча, шишик сол колунун кыймылы үчүн жооптуу болгон кооптуу аймакка жакын жайгашкан. Операция учурунда туура эмес кыймыл анын скрипка ойноосуна таасирин тийгизмек.53 жаштагы Дагмар Тернер Англиянын Уайт аралындагы симфониялык оркестринде иштеп келет. 7 жыл мурун башында глиома шишиги бар деген диагноз коюлган. Бул дартка нурлануу терапиясы жардам бербегенине байланыштуу операция жасаганга туура келген. Бирок операция жасоо убагында бейтап сергек болуп туруусу зарыл. Шишик мээнин аймактарында, тактап айтканда көрүү жана кыймылдын милдеттерин башкарган аймакта жайгашкан учурда ушундай ыкма колдонулат.Дарыгерлер операция учурунда Тернер менен байланыш болуп турушу үчүн анын скрапкада ойноосу керек деп чечишкен. Биринчи кезекте бейтап аялды медициналык дары менен уктатып, баш сөөгүнө трепанация жасашты. Операциянын ортосунда аны күчтүү ооруну басуучу дары берип ойготуп, скрипкада ойноосун суранышкан. Жыйынтыгында операция ийгиликтүү өткөн.


Россиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель телефон аркылуу үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыкты.Ага ылайык, алар Сириядагы жана Ливиядагы абал тууралуу баарлашты. Лидерлер бул сүйлөшүүдө Идлибдеги абалды өзгөчө белгилеп өтүштү. Владимир Путин Сириядагы террордук кооптуулукту нейтралдуу абалга өткөрүүгө токтолду. Өз кезегинде Макрон жана Меркель Идлибдеги көңүлсүздүктөрдү азайтууга жардамга кол сунууга даяр экенин билдиришкен. Мындан сырткары Франциянын президенти жана Германиянын канцлери Сириядагы абалды талкуулоо үчүн Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугууга даяр экенин билдирген.Андан сырткары Россиянын президенти Владимир Путин Ханаудагы атышуудан каза болгон 10 адам үчүн Ангела Меркелге көңүл айткан.Идлибдеги абал январдын аягындагы согушкерлердин чабуулунан кийин курчуй баштаган. Февраль айынын башында Дамасктагы согушкерлердин аракеттерине каршы Сириянын чабуулдарында түркиялык бир канча аскер кызматкерлери каза болгондугу маалым болгон. Түркия чабуулду аягына чыгарууну талап кылган.

Урмат Жээнбеков,  “Биринчи радио”