Жаңылыктар
Иранда парламенттик шайлоого адамдар аз катышты
Дүйнө
Иранда парламенттик шайлоого адамдар аз катышты

Иранда 21-февралда өткөн парламенттик шайлоого жарандар өтө аз катышып, 1979-жылкы Ислам революциясынан берки эң төмөнкү көрсөткүч катталды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шайлоодо жалпы жарандардын 42,57 пайызы гана добуш берди. Бул 2016-жылы өткөн буга чейинки парламенттик шайлоодогу көрсөткүчтөн 20% төмөн.

«Фарда» радиосу шайлоочулардын пассивдүүлүгү өзгөчө ири шаарларда, анын ичинде Тегеранда байкалып, шайлоо тилкелерине добуш берүү укугу бар жарандардын 20-30% гана барганын кабарлады.