Жаңылыктар
Ош шаарында нөшөрлүү жамгырдан кийин сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Ош шаарында нөшөрлүү жамгырдан кийин сел жүрдү

Кечээ күнкү нөшөрлүү жамгырдан кийин Ош шаарында сел жүрдү. Көчөдөгү арыктардан ашкан суу шаардагы мекеме, ишканалар менен жеке турак жайлардын короолорун каптаган. 4 сааттан ашык жааган жамгырдан кийин пайда болгон суунун агымы арыктарга батпай, шаарды сел каптады. Жол четиндеги тротуарларга чейин жайылып, жөө адамдардын түйшүккө салды.

Ош шаардык сотунун жаңы имараты. Эми гана оңдолуп пайдаланууга берилгени жаткан имараттын жер төлөсүнө чейин ылай аралаш суу кирип кеткен.

Мындай табийгат кырсыгы турак үйлөргө дагы залал келтирди. Шаардын Курманжан-Датка көчөсүндөгү бул жер үйдү жыл башынан бери 6 ирет сел капташы. Бул жолу короосуна топтолгон суунун деңгээли жарым метрге жеткен. Суунун нугун башка жака буруу аракетинен майнап чыккан эмес.

Жергиликтүү тургундардын айтымында селдин чыгышы арыктар иштебегенден пайда болот. Бул аялдама арык үстүнө курулуп калгандыктан, суунун нугу батпай, жеке үйлөргө карай каптап кетет. Аялдаманы жаңылоо сунуштары далай жолу айтылганы менен ишке ашкан жок.


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаандын нормадан 2 эсе көп жаашы селдин пайда болушуна шарт түздү дешет. Жаан күчөгөн учурда каналдардагы сууну да токтотушкан. Бирок оң жыйынтык болгон эмес.

Ош шаарында селдин кесепетинен жабыркагандыгы боюнча 18 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинде жеке турак үйлөрдөн тышкары мамлекеттик мекемелер бар.
Өткөн жылы да 7-апрель күнү, Ош шаарын сел алып, натыйжада, турак үйлөрдү жана социалдык обектилерди суу каптаган.