Жаңылыктар
Өспүрүмдөр жашаган аймактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгышты
Аймак
Өспүрүмдөр жашаган аймактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгышты

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун 34 өспүрүмү өз сунуштарын ишке ашыруу үчүн каражат алат. Бул туурасында БУУнун Балдар фонду, Кыргызстандын Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен биргеликте уюштурган “Шаар жана айыл, балдар менен жаштардын ынтымагы” аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде маалым болду. Аталган иш-чарага үч облустагы жалпы 9 айыл аймактан 30 команда катышкан. Максаты – балдарга коомдук көйгөйлөрдү биргелешип аныктоого жана аны чечүү үчүн инновациялык долбоорлорду иштеп чыгып, аларды тестирлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү. Өспүрүмдөр, инновациялык долбоорлор боюнча атайын окутууга катышып, өздөрү жашаган аймактагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарын иштеп чыгышкан. Жактырылган тогуз кичи долбоорду ишке ашыруу үчүн БУУнун Балдар фонду тарабынан 10 миң доллар бөлүнгөн.

"Ар бир аймактан бирден долбоор тандалып алынды, Жалал-Абаддан үчөөнү тандадык. Ушундай кичи долбоорлор көп, балдарга арналган. Максат, билимин жогорулатуу, алардын коомдо өз ордун таба билүүсүнө багыт көрсөтүү",- деди БУУнун Балдар фондунун программалык координатору Гүлнара Жеңишбекова.