Жаңылыктар
Балбан Улукбек Жолдошбеков Азия чемпионатында алтын медаль утту
Спорт
Балбан Улукбек Жолдошбеков Азия чемпионатында алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын медаль алды. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында кабарланды. 

Спортчу 61 килограмм салмак категориясында тажикстандык Мухамад Икромов менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Ушул эле чемпионатта эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы, Азат Салидинов, Жоламан Шаршенбеков күмүш, Айсулуу Тыныбекова коло медаль алган. Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким, Бекболот Мырзанар уулу менен Исламбек Орозбеков үчүнчү орунга татыган. Ал эми Арсалан Будажапов алтын медаль уткан. Жалпы жонунан кыргызстандык спортчулар аталган чемпионаттан баш-аягы 10 медаль тагынды.

Эркин күрөштү аркалаган балбан Жолдошбеков буга чейин 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында 2019-жылы да алтын тагынган.