Жаңылыктар
Трамп талибдер менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин билдирди
Дүйнө
Трамп талибдер менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин билдирди

Ооганстандагы алгачкы жарашуу ийгиликтүү болсо, Вашингтон талибдер менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп жекшемби күнү Индияга учардын алдында журналисттерге билдирди.

«Талибандар да макулдашууну каалап жатат деп эсептейбиз. Биз да келишим түзүүнү каалайбыз. Менимче, макулдашууга жетишебиз», — деди Трамп.

Буга чейин эки тарап бир жумалык «зомбулукту азайтуу» режимин жарыялап, ал 22-февраль түнчүндө башталган.

«Силерге белгилүү болгондой, азыр бизде зомбулуксуз мезгил бар. Бир жарым күн болду. Эми кандай болот көрөбүз. 19 жылдан кийин америкалык аскерлер үчүн үйгө кайтар мезгил келди», — деди Трамп.

Ооганстанда 12 миңге жакын америкалык аскер бар.

Ооган маалымат каражаттары талибдер акыркы эки күндүн ичинде өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндөгү бекеттерге бир нече жолу майда чабуулдарды жасашканын жазышты.

21-февралда АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылы Ооганстандагы жаңжалды саясий жактан жөнгө салуу жана АКШнын бул аймактагы аскерлеринин санын азайтуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын айткан.