Жаңылыктар
Бүтүрүү кечелери кантип көзөмөлгө алынат?
Билим
Бүтүрүү кечелери кантип көзөмөлгө алынат?

Бишкек шаарынын жетекчилиги “Акыркы коңгуроо” майрамын уюшкандыкта жана коопсуз өткөрүү максатында иштерди баштады. Айта кетсек, беш жылдан бери билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечелерин кафе ресторандарда өткөрүүгө тыюу салып келет. Бирок ага карабастан бүтүрүү кечелери белгиленип жатат. 

Быйыл бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” майрамы 27-май күнү белгиленет. Салтанаттуу маарекелер болсо эртең мененки саат 9да гана мектеп короолорунда башталышы керек. Бишкек боюнча 9-11 класстын бүтүрүүчүлөрүнүн санын айта турган болсок 15 миңге жакын. 

Шаар бийлиги мына ушунча бүтүрүүчүнүн “Акыркы коңгуроо” майрамын уюшкандыкта жана коопсуз өткөрүү максатында ишти баштаганын айтып чыкты. Анда борбордук билим берүү башкармалыгы менен укук коргоо органдары бирге иш алып барганы жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечелерин кафе, ресторандарда өткөрүүнү беш жылдан бери эле тыюу салып келет. Бирок чечимди уккан адам жок. Быйыл деле көнгөн адат кайталанаары белгилүү болууда. Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери кымбат баалуу кийимдерди алып бергенин жана ресторандарды былтыр эле күзүндө сүйлөшүп койгонун айтып, билим берүү мекемелерин кийлигишпөөнү өтүнгөн. 

Бул кадрда болсо укук коргоо органдары менен бүтүрүүчүлөр жакалашып жатат. Албетте мындай абал спирт ичимдигинен кийин болот. Бул балдар өз алдынча акча деле таба элек. Ачыгын айтканда ата-эненин акчасына көпкөндөр. Демек буга жол берген дагы ата-энелер өздөрү болууда. Мектеп короосунан сырткары болгон иштерге мугалимдер жооп бербейт.

Жол эрежесин бузуп унаа айдагандарга быйыл үч миңден беш миң сомго чейин айып пул салына турган болду. Бул болбогон сумманы төлөп деле коебуз дегендер чыгышы мүмкүн. Бирок чектен ашкан оюндун арты трагедия менен бүткөн учурларды эстен чыгарбасак. Өткөн жылы Жалал-Абадда бүтүрүүчүлөр кечесине бара жаткан окуучулар кырсыктап, 18ге чыга элек үч адам мерт кеткен болчу.