Жаңылыктар
Акын Кожогелди Култегин ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды
Маданият
Акын Кожогелди Култегин ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын эл акыны, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кожогелди Култегиндин 8 китеби Түркияда жарык көрдү.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан чыгарылган азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкыр, саха тилдериндеги “Дүйнө алаканда” аттуу китеби менен казак тилинде жарык көргөн “Жүрөк конуш” ырлар жыйнагы окурмандардын баасына татыды. 

Жалпысынан 21 китептин автору, жан дүйнөсү бай оргуштаган таланттын эмгеги бааланып, ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйланды. Татыктуу сыйлыкты ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов тапшырып, акындын Кыргызстанга эле эмес, жалпы түрк дүйнөсүнө таандык адабият айдыңындагы иш-чаралардын өркүндөшүнө олуттуу салым кошуп келе жаткандыгын белгиледи. Анкара шаарында өткөн мааракелик кеченин катышуучулары зор талантка чыгармачылык эргүү жана ийгилик каалашты.