Жаңылыктар
Тамчы - Корумду жолунун курулушу жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Тамчы - Корумду жолунун курулушу жанданды

Тамчы - Корумду жолун куруу кайрадан жанданды. Тендер чырына байланыштуу бул каттамды салуу иши убактылуу токтоп турган. Эми жолчулар кайрадан ишке чыкты. Учурда жолдогу көпүрөлөр жасалууда.

Тамчыдан Корумдуга чейинки жолдун ар кайсы жери казылып, кээ бир айылдарды көлдү жээктеп айланып өтүүгө туура келет. Айрымдарга жер казылган бойдон калгандай, бирин-экин гана киши иштеп жаткандай сезилет. Көрсө, жолчулар көпүрөлөрдүн ичинде иштеп жаткан экен.

Мурдагы премьерди ээрден оодарып түшкөн тендер чырына байланыштуу Тамчы-Корумду жолун куруу иши 20 күндөн ашык токтоп турду. Чуунун башы чубалып баштаганда эле жолду каржылоо иши убактылуу токтоп, жолчулар эки-үч ирет иш таштаган. Жаңы өкмөт башчы келип, каржылоо кайра жолго салынды. Жолчулар март үчүн айлыгын жакында эле алса, апрель айына эми берилет.
Май айы жаанчыл болуп, жол курууга ыңгайсыздык жаратты. Мындан улам, аба-ырайы бузулуп турган чакта жолго керектүү материалдар беленделүүдө.
Асфальтка чейинки катмарына керектүү материалдарды каза турган карьер Бает айылынын четинде жайгашкан. Азыр жаан жаап турган чакта негизги техникалар ошол жактага ишке тартылган.
Асфальтка керектүү материалдар болсо башка карьерде даярдалууда.