Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин аныктоо иштери улантылат
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин аныктоо иштери улантылат

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин жолугушуусунда укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун укуктук негиздерин талкуулоону улантуу тапшырылды. 

Топографиялык топтор мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү маселесин кароону жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесин иштеп чыгууну улантат. Жыйындын алкагында күч түзүмдөрүнүн катышуусунда чек ара аймактарында жаңжалдардын чыгышын алдын алуу боюнча өз ара иштешүү максатында чектеш аймактардын башчыларынын өзүнчө жолугушуусу болуп өттү. 

Анда эки өлкөнүн чектеш облустарынын жана райондорунун ортосунда кызматташууну мындан ары активдүү кеңейтүүнүн, достукту, өз ара түшүнүү жана коңшулаштыкты чыңдоонун зарылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу Баткен жана Согди облустарынын башчылары 2020-жылга карата кызматташуу иш-чараларынын биргелешкен планын бекитишти. Өкмөттүк делегациялардын отурумунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.