Жаңылыктар
Сурамжылоо: элдин саясатка кызыгуусу эки эсеге азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Сурамжылоо: элдин саясатка кызыгуусу эки эсеге азайды

 Дүйнө мамлекеттеринде социалдык сурамжылоолорду жүргүзгөн “Геллоп” уюму Кыргызстан боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарды. Белгилүү эл аралык уюм бир нече жылдардан бери дүйнөнүн 60 мамлекетинде ишмердигин жүргүзүп келет. Анын жыйынтыктары өлкө жетекчилерине толук кандуу чечимдерди жана эффективдүү өнүгүү стратегияларын кабыл алууга жардам берет. Уюмдун сурамжылоосу Кыргызстандагы абалга кандай баа берди? 

“Гэллоп” компаниясы Кыргызстандагы сурамжылоосун март айында жүргүзгөн. Анда жарандарга өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, саясаттан тартып элдин бийликке болгон ишенимине чейин суроолор берилген. Буга чейин өлкөдө оппозиция саналгандар бийликти экономикада жаңылыштык кетирген, мамлекетти башкаруу моделин туура эмес тандаган деп сын айтып келишкен. Бирок изилдөөлөрдүн жыйынтыктары-бул жаатта кыргызстандыктардын пикири такыр башка экенин көрсөттү. 
Серепчилер мындай пикир кыргызстандыктарда жөн жерден жаралбаганын айтышат. Өлкө кыска убакыттын ичинде көп сыноолорду башынан өткөрдү, ошолорду эсепке алганда, мамлекеттин азыркы багытын туура эмес деп баалоого негиз жок дешет. 

Сурамжылоого катышкандардын ар бир төртүнчүсү Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматта алып барып жаткан иштерине оң бааларын беришкен. 
Соц. сурамжылоодо Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киргени туура кадам болгонбу деген суроо берилген. Жарандардын 78 пайызы оң жооп бергени менен, биримдиктин шарттары, өлкөнүн андан алып жаткан пайда-зыяны тууралуу маадыматтары жок экенин билдиришкен. Ошондой эле Кыргызстандын 94 пайызы Орусияны стратегиялык өнөктөш деп аташкан. Эл аралык уюм өлкөдөгү жумушсуздук, коррупциянын деңгээли жана экономикадагы айрым көйгөйлөр тууралуу да изилдөө жүргүзүшкөн. 
 Гэллоп калк арасында сурамжылоо жүргүзүү боюнча дүйнөдөгү белгилүү уюмдардын бири. Ал өз ишмердигин 1935-жылы баштап, азыр 20 мамлекетте 30дан ашык өкүлчүлүктөрү бар. Адистердин айтымында уюмдун чыгарган жыйынтыктарына буга чейин терс мамиле болгон эмес. 
Дагы бир кызык суроо - ушул дем алышта шайлоо өтсө кайсы партияга добуш берет элеңиз деген тактоо мүнөзүндө болду? Биринчи орунду 24 пайыз менен социал-демократтар партиясы ээлесе, экинчи орунга 22 пайыз менен “Республика-Ата Журт” партиясы чыккан. Сурамжылоодо карапайым калктын саясатка болгон кызыгуусу былтыркы жылга караганда эки эсеге азайганы белгиленет. Бирок ошол эле учурда элдин 87 пайызы - жарандар - мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуусу керек деген пикирлерин билдиришкен.