Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: кызматташтык жолунда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Россия: кызматташтык жолунда

Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак кызматташуу жылынын расмий ачылышы, эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда 27-февраль күнү Кремльдин концерттик залында өтөт. Бир катар иш-чаралар январда эле башталган. 

Өткөн жуманын соңунда Россиянын соода-өнөр жай палатасындагы тегерек үстөлдө, орусиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. 

Россиянын Соода өнөр-жай палатасында “Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү” атуу тегерек үстөл уюштурулду. Иш чара президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага боло турган сапарын утурлай өткөрүлдү. 27-февралда Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак кызматташуу жылынын расмий ачылышына, эки өлкөнүн президенттери катышат.