Жаңылыктар
Таза суу менен ирригация маселеси жолго коюлбаган жерде өнүгүү болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Таза суу менен ирригация маселеси жолго коюлбаган жерде өнүгүү болбойт

Тескерисинче шарт жогунан эл башка жакка көчүп, жайлуу орун издегенге мажбур болот. Мындан улам жакынкы төрт жыл аралыгында Кыргызстандагы таза суу тартыштыгы бар айылдарда маселени чечип, өндүрүш менен өнүгүүгө жол ачып берүү зарыл болуп турат. 

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке барган учурунда айтып, жагдайды өзү толук көзөмөлгө алганын бекемдеди.