Жаңылыктар
Коррупция менен күрөштүн натыйжалуу чаралары
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупция менен күрөштүн натыйжалуу чаралары

24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун эскертүүсүнөн кийин Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жумуштары ыкчамдатылды. 

Бул тууралуу биздин каналга Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын бөлүм башчысы Белек Ахметов билдирди. Айтымында учурда мыйзам долбоорун Экономика министрлиги толуктап даярдап жатат, андан соң жакынкы күндөрү Өкмөттүн кароосуна сунушталат. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй мамлекеттик кызматкерлердин декларациясындагы кирешелери менен чыгымдарды салыштыруу аркылуу текшерүү коррупция менен күрөштүн натыйжалуу чараларынын бири.