Жаңылыктар
Кыргызстан экспортту өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт
Экономика
Кыргызстан экспортту өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт

Кыргызстан экспортту өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт, бул багытта өлкөдө атайын программа кабыл алынган. Анын алкагында былтыр 2 миң тонна эт, 30 миң тонна сүт, 510 тонна бал экспортко чыкты.

Ошол эле чурда өлкөдө эл аралык талапка жооп берген, 19 ветеринардык жана 4 фито-санитардык лаборатория ишке кирди.

Ага байланыштуу былтыр айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмү 24,5 пайызга өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары ишкерлер Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар, Япония ж.б. мамлекеттерге продукциясын экспорттоп жатат.

Эксперттер мамлекет элеттик ишкерлерди колдоо менен бирге кооперацияны уюштурууну колго алса, экспорттун көлөмүн арбытууга өбөлө болоорун айтууда.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"