Жаңылыктар
Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бул долбоорду ишке ашыруу менен Нарын облусунун жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө шарт түзүлмөк. Анын артынан бир катар башка келечектүү долбоорлор жүзөгө ашырылмак. 

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктап, Экономика министрлиги менен «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» Жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюу пландалып жаткан. Бирок, Ат-Башы районунун калкынын бир бөлүгү бул долбоорду аткарууга каршы болгондуктан, аны мындан ары ишке ашырууну токтотуу чечими кабыл алынды. Учурда өкмөт 200 гектар жерди трансформациялоо жөнүндө токтомун жана бул аймакты «Нарын» эркин экономикалык аймагына берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйругун жокко чыгаруу процесси даярдалууда. Өкмөт, ири бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга, кендерди өздөштүрүүгө тийиштүү бардык маселелер жергиликтүү коомчулук менен тыгыз иштешүү аркылуу чечилип келгенин жана чечилерин билдирет. 

Индустриалдык-соода-логистикалык комплекс боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү инвесторлор менен биргеликте Ат-Башы райондук айылдык кеңештери менен кеңешмелерди өткөрүп, алардын расмий колдоосу алынган. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, долбоордун мааниси түшүндүрүлүп, аны ишке ашыруу жактырылган. Бүгүнкү күндө Өкмөт комплекстин курулушу үчүн берилген жерде айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу үчүн инвестор тарабынан бөлүнгөн 45 млн сомго жакын өлчөмдөгү финансы каражатын кайтарууга камынууда.