Жаңылыктар
ЖКга өтүүнүн 9 пайыздык босого чеги стабилдүүлүктү бузушу мүмкүн
Саясат
ЖКга өтүүнүн 9 пайыздык босого чеги стабилдүүлүктү бузушу мүмкүн

Жогорку Кеңешке өтүүнүн 9 пайыздык босого чеги өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктү бузууга алып келиши мүмкүн. Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө парламенттик шайлоо жакындаган сайын талкуулар күчөп, босого пайызын төмөндөтүү тууралуу түрдүү сунуштар айтылууда. Айрым саясатчылар 9 пайыздык босого чек оппозициялык күчтөрдү четте калтырып, өлкөдө саясий кырдаалдын курчушуна алып келээрин эскертип жатышат. 

Парламенттик шайлоо алдында ар кандай саясий оюндар жана популисттик аракеттер күчөөрүн айткан президент, мамлекеттин жана элдин турмушуна зарыл болгон мыйзам долбоорлорду кечиктирбей кабыл алууну парламентке тапшырган. 

6-чакырылыштын депутаттары пайыздык босого чекти 9дан 7ге түшүрүү боюнча мыйзамды бекитүүгө жетишээрин билдиришсе, айрым фракция депутаттары ичинде бир кепке келе электер бар. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"