Жаңылыктар
Жеңиштин 75 жылдыгы быйыл бүткүл элдик майрам катары белгиленет
Маданият
Жеңиштин 75 жылдыгы быйыл бүткүл элдик майрам катары белгиленет

Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этип, Жеңиштин 75 жылдыгы быйыл бүткүл элдик майрам катары белгиленет. 

Маалыматка караганда, Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү, Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу пландалган. 

Мындан тышкары Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган «Жеңиш оту» марафонун уюштурууга да даярдыктар көрүлүүдө.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"