Жаңылыктар
Текебаев менен Чотоновдун жазык иши каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Текебаев менен Чотоновдун жазык иши каралууда

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Коррупция” беренеси менен айыпталган мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун жазык иши каралууда. 

Кезектеги соттук отурумда айыпталуучулардын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова “Нур Телеком” ишканасы боюнча сурак кылуу протоколунун көчүрмөсүн алууну соттон өтүндү. Өз кезегинде сот өтүнүчтү канааттандырды. Андан соң тизме боюнча соттук отурумга келбей калган күбөлөрдүн тергөө учурунда берилген көрсөтмөлөрү жарыяланды. Жазык-процесстик кодексинин талабына ылайык, иштин соттук териштирүү мөөнөтү үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасына узартылды. Бөлүнгөн убакыт соңуна чыкканына байланыштуу, отурум 9-мартка жылдырылды.