Жаңылыктар
Заманбап жер семирткичтерди колдонуу учурдун талабы
Айыл чарба
Заманбап жер семирткичтерди колдонуу учурдун талабы

Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн арбын түшүм алууда заманбап жер семирткичтерди колдонуу зарыл. Айталы, глицерол жер семирткичи талаа өсүмдүктөрүнүн бардык түрүн табийгаттын ар кыл коркунучтарынан сактап калат. Бул тууралуу өткөрүлгөн маалымат жыйынында белгиленди.

Аталган жаңы муундагы жер семирткич менен камсыз кылуу максатында “Кыргызленд” экспортоочу жана импортоочулар Бирлиги, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана глицерол органикалык-минералдык микро жер семирткичтерди чыгарган "Золотой Колос" ишканасы менен үч тараптуу меморандумга кол коюлган. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"