Жаңылыктар
ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралууда

Бишкек шаардык сотунун өндүрүшүндө ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши каралып жатат. 

Кезектеги отурумда иш материалындагы далилдерди изилдөө улантылды. Жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу, отурум 26-февралга жылдырылды. ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча былтыр Свердлов райондук соту Сапар Исаков менен Айбек Калиевди 15 жылга кескен. Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Мурдагы аткаминерлердин жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылып, экинчи инстанциядагы сот ишти карап жатат.