Жаңылыктар
Баткен: өкмөттүн өкүлү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Аймак
Баткен: өкмөттүн өкүлү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Ашир Рахматов жана Буркан Садыковдун үйлөрүнө барып кабар алды. Өкмөт өкүлү ар бир ардагерге акчалай жардам, Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык белектерин тапшырды. Ал Улуу жеңиштин 75 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, согуштун ардагерлерине жана ооруктун каармандарына өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Учурда облус боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 13 ардагери бар.

Быйылкы жылы Улуу жеңиштин 75 жылдыгын майрамдаганы жатабыз. Ошонун алкагында КРда Президентибиздин тапшырмасы менен кыргыз өкмөтүнөн токтом чыгып, аны бүт бардык облустар реализация кылып иш-чара кабыл алганбыз. Ошол иш-чаранын алкагында биз мына ардагерлерибизден кабар алып келдик. Бизде жалпы ветерандар согуштун ардагерлери 13 эле гана калды”,- дейт Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Сейтмурат Калыков.