Жаңылыктар
Планетадагы эң кары адам 112 жаш курагында көз жумду
Дүйнө
Планетадагы эң кары адам 112 жаш курагында көз жумду

Планетадагы эң кары адам, япониялык Ватанабэ Титэцу 112 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Ага ылайык, Титэцу Ниигата префектурасындагы карылар үйүндө жашап келген. Эки жумадай мурда, 12-февраль күнү ал Жер планетасындагы эң кары адам катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Ватанабэ 1907-жылдын 5-мартында төрөлгөн. Ал 20 жашка толгондо үй-бүлөсү менен Тайванга көчүп кеткен. Ал жакта 18 жыл жашагандан кийин Японияга кайткан. Кошумчалай кетсек, Буга чейин планетанын эң кары адамы деп Хоккайдо аралында жашаган Масадзо Нонака эсептелген. Ал 2019-жылы 113 жаш курагында көз жумган.