Жаңылыктар
Мухамедиулы кыргыздарга карата айткан сөзү үчүн сынга кабылды (аудио)
Саясат
Мухамедиулы кыргыздарга карата айткан сөзү үчүн сынга кабылды (аудио)

Казакстандын Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын  Москвада  кыргыз мигранттарынын  ажаткана жууп жүргөнүн көрүп боору ооруп кеткендеги  сөзү   учурда  бир эле  кыргызстандыктарды  эмес, Казакстандын жарандарынын кескин сынына кабылды. Арыстанбек Мухамедулы  Астанада калың эл алдында сүйлөп жатып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы туурасында айтылган сөздөргө  кыргыз мигранттары  туурасындагы  темага  өтүп кеткен.  Тактап айтканда, министр  "Москва жана бир катар шаарларды коомдук ажатканаларды биздин коңшулар болгон жаш эле кыздар тазалап жүргөнүн көрүп" боорум ооруп кетти. Айтматов  аны  өз кезегинде  чыгармаларында   айтып кеткен  экен деген. 

"Чыңгыз Айтматовду окуганда сезимдер бир башкача болот, бул таңгала турган көрүнүш. Өзгөчө, "Ак кемеси”. Жаш кезде окуганда ал жакта аруу сезимди улам издеп, баатырлык кылгың келет. Ал эми азыр кайрадан  Ал эми азыр кайрадан "Ак кемени" барактаганда, денең бир укмуштуудай "дүрт" этет.  Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, ал — пайгамбар.  Ал өлкөсү, улуту кайда бара жатканын алдын ала көрө билген.  Чындыгында эле Кыргызстанда азыр болуп жаткан негативдүү окуяларды тээ 40-50-жылдары эле көрүп, билип коюптур. Тагыраагы, ал элине алаңгазарлыкка алдырып, азыркыдай кадам жасабоону эскерткиси келиптир", – деп айтканын Tengrinews алып берди. Министр сөзүн улап,  "Жашырганда эмне, чынын айтканда, Москвага же башка шаарларга учуп барганда коомдук ажатканаларды биздин кошуналар болгон жаш эле кыздар тазалап жүргөнүн көрүп кейийсиң. Бул албетте, сенин  адамдык сезимдериңди козгоп, намысыңа тиет. Анын ушундай жапжаш туруп ажаткана жуугудай эмне күнөөсү бар эле. Албетте, өлкөдө иш жок болсо, келечеги жок болсо, көп кыргыздар сыртка кеткенге мажбур болушкан.  Чыңгыз  Айтматов-залкар жазуучу , – деген  маданият жана спорт министри. Бул айтылган  сөз Кыргызстандын  эмес, казак  коомчулугунун катуу талкуусун  жаратты.  

 

Казакстандын маданият жана спорт министринин  кыргыз мигранттары тууралуу  пикири  анын деңгээлин көрсөттү,-деп ой бөлүшкөндөр  мындан көп. Алардын арасында  мурдагы  маданият министри  Нурлан Шакиев дагы бар. Экс-министр өз кезегинде  кыргыз-казак  маданият  күндөрүндө, абройлуу иш чараларда  мамлекеттик кызматкерлер  тарабынан эки тараптуу жылуу мамиле байкалып, эки элдин улуулугу, бийиктиги  белгиленип  турган. Азыркы маданият жана спорт министринин  сөзү таңгалдырып турат дейт.

Экономикалык кыйын кырдаал  кыргыздарды  бир эле  башка мамлекеттерде  оор жумуштарды  аткартпастан чет жактарда  жогорку  деңгээлдеги  кызматтарда  иштөөсүнө  өбөлгө болууда. Казакстандын  спорт жана маданият министринин  айткандарына анчалык маани берилбей  коюушу  керектигин талдоочу  Кеңешбек  Алымбеков белгилейт.

Орусиянын  федералдык миграциялык кызматы  буга чейин  Орусиянын аймагында  620 миңдей  казакстандык  эмгек  мигранттары  бар экендигин  жарыялап чыгышкан болчу.

 Г. Каражанова, “Биринчи радио”