Жаңылыктар
Парламентте жасалма паспорт үчүн жазаны күчөтүү маселеси көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Парламентте жасалма паспорт үчүн жазаны күчөтүү маселеси көтөрүлдү

Парламент депутаттары жасалма паспорт үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштап, айыптуу деп табылгандарды 6 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратууну демилгелеп жатат. 

Маселе эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин отурумунда талкууланды.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү учурда 98 жасалма паспортту даярдаган кылмыштуу топтун төрт мүчөсү аныкталганын билдирди.


Алардын баары азырынча Түркияда. Депутат Каныбек Иманалиев тийиштүү жазанын жоктугунан улам Кыргызстан - жасалма паспорт даярдаган фабрикага айланганын белгиледи.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев бул кылмыштын бети ачылып, жасалма паспортту даярдаган жабдуу кайда экенин билүү гана калганын ырастады.