Жаңылыктар
Баткенде жаңы курулган бала бакча колдонууга берилди
Аймак
Баткенде жаңы курулган бала бакча колдонууга берилди

Балдар бакчасынын курулушу үчүн Суу-Башы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен жана түрткү берүүчү гранттан, жалпы 5 млн сом каражат жумшалды. Бала бакча 24 орунга ылайыкташып, айылдагы 7 жашка чейинки жеткинчектер толугу менен тартылган. Буга чейин Кара-Токой айылында балдар бакчасы жок болгондуктан, мектепке чейинки жаштагы балдар дээрлик үйүндө тарбияланып келген. 

Белгилей кетсек облус боюнча 185 мектепке чейинки билим берүү мекемелери болсо, анын 163ү мамлекеттик, 22си жеке менчик. Бүгүнкү күндө облус боюнча балдар бакчаларына тартылган балдардын саны 22 миңден ашты. 2019-жылы облуста мамлекеттик 9 бала бакчанын жаңы имараттары курулуп, пайдаланууга берилди.

“Балдар бакчасына муктаж элек аябай. Себеби 5 жаштагы кызым үйдө тарбияланды. Азыр детсад ачылгандан бери садике келип сүйүнүп калышты. Мисалыга алганда той-топо, эшике чыкканда кыйналчу элек. Азыр эми ойлонбойбуз ачылып калды”,- дейт Кара-Токой айылынын тургуну Эльнура Масеитова.