Жаңылыктар
Мода жумалыгы. Кыргыз мода индустриясын дүйнөлүк аренага чыгаруу аракети көрүлүүдө
Маданият
Мода жумалыгы. Кыргыз мода индустриясын дүйнөлүк аренага чыгаруу аракети көрүлүүдө

Борбор калаада мода жумалыгы өттү. Ага 30дан ашык дизайнер катышты. Алардын арасында Өзбекстан менен Тажикстандан келген белгилүү шөкөтчүлөр да бар. Баш байге иретинде атайын Индияга арт-тур тастыктамасы каралган. 

Жанара мода дүйнөсүндө эмгектенип жүргөнүнө 10 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта ал өзүнүн кийим топтому менен чет мамлекеттик ар кандай сынактарга, мода жумалыктарына катышып, байгелүү орундарды алып келген. Ал эми борбор калаада өткөн мода жумалыгына “Айымдын сезими” аталышындагы коллекциясы менен катышты.

Мода жумалыгынын максаты - бүгүнкү күндөгү кыргыз мода индустриясын дүйнөлүк аренага чыгаруу. Мындай саамалыктарды уюштуруу менен өлкөдөгү мыкты шөөкөтчүлөрдү дүйнөдөгү абройлуу мода жумалыктарына катыштырууга мүмкүнчүлүк түзүү керек дейт этно дизайнер.