Жаңылыктар
Залкар манасчы Жусуп Мамай эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Залкар манасчы Жусуп Мамай эскерилди

Жалал-Абад шаарында залкар манасчы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган 3-эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өттү. 

Саамалык президенттин 2013-жылдагы, "Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндөгү" жарлыгына ылайык, Кытайлык кыргыз, залкар манасчы Жусуп Мамайдын дастанчылык, манасчылык өнөрүн талдоо, иликтөө жана кеңири жайылтуу максатында өттү. 

Илимий жыйынга Кытайдан келген кыргыз тарыхчылары жана Жусуп Мамайдын уулу, небереси жана чөбөрөсү катышты. Конференцияда Жусуп Мамайдын өмүрү жана анын залкар манасчылык өнөрү тууралуу тарыхчылар баяндамаларды окушту. Мындай жыйын буга чейин Талас жана Нарын облустарында өтүп келген.