Жаңылыктар
Москва шаарында гала-концертке даярдыктар кызуу жүрүүдө
Маданият
 Москва шаарында гала-концертке даярдыктар кызуу жүрүүдө

Россия биринчи ирет мурдагы советтик өлкөлөр айдыңындагы мамлекет менен эриш-аркак кызматташтык жылын өткөрүүдө. Кыргызстан үчүн бул алгачкы тажрыйба болуп калмакчы. Өлкө башчылары бул жылга өзгөчө маани берүүдө. Анткени эки мамлекеттин маданий-гуманитардык жана экономикалык кызматташтык жолунда жаңы багыттардын ачылышы күтүлүүдө. Ал арада, Москва шаарында гала-концертке даярдыктар кызуу жүрүүдө. 


27-февралда Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылыш аземи, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда Кремль сарайында өтөт. Гала-концертте Кыргызстан менен Россиянын хореографиялык искусствосу менен кошо музыкалык түркүн жанрдагы чыгармалар жаңырмакчы.


Даярдыктар кызуу жүрүүдө. Кремль сарайынын концерттик залынын сахнасына, тарыхы бай Россиянын Петр Чайковский атындагы мамлекеттик симфониялык оркестри, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Рахатбек Осмоналиевдин дирижерлугунун астында чыгат. Келген коноктор эки элдин улуу композиторлорунун чыгармаларына күбө болот.


Мырзайым менен Алексей ксилофондо, Пётр Чайковскийдин айтылуу “Ак куулар көлү” балетинен үзүндү аткарууга даярданууда. Кичинекей аткаруучуларга өлкөнүн ири сахнасында айтылуу оркестрдин коштоосунда эл алдына чыгып, өнөрүн тартуулоо вазыйпасы туш келген.


Кыргыз орус музыкасынын жуурулушунан жаралган ажайып бир укмуш чыгарма. Белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу россиялык белгилүү балалайкачы-виртуоз Александр Николайчук менен дуэт күү чертет. Алар буга чейин соцтармак аркылуу байланышып, бирге даярданып жүрсө, бул күнү алгач ирет жолугушту.