Жаңылыктар
Өкмөт башчы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ушул эле күнү өкмөт башчы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн көрдү. Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүү болду. 

«Чындыгында, мында адамдар көп, кезектер чоң. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Имарат ыңгайсыз жана тар, коридор караңгы. Мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан унаа каражаттарына мамлекеттик номерлерди чыгаруу процесси менен таанышып, аталган жайлардагы көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөөнү жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.