Жаңылыктар
Эмгекчил айым Сырга Мазакеева элеттеги кыз-келиндерди иш менен камсыздоодо
Аймак
Эмгекчил айым Сырга Мазакеева элеттеги кыз-келиндерди иш менен камсыздоодо

Кол өнөрчүлүк маданиятын өнүктүрүп, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүүнү максат кылган Сузак районунун тургуну Сырга Мазакеева айылына чакан тигүү цех ачып, кыз-келиндерди иш менен камсыздап келет. Тигүү цехте кызга сеп, андан сырткары кийизден улуттук үлгүдөгү буюмдар тигилет.

Сырга Мазакееванын тикмечилик менен алектенип келе жатканына 18 болду. чебер, уз айым айылдагы кыз-келиндерди иш менен камсыздоону колго алып , 5 жыл мурда чакан тигүү цехин ачкан. Азыр мында 3 киши туруктуу иштейт. Алар кийизден жасалган буюмдарды эл ичине кеңири таратууну максат кылып, шырдак, терме жана башка улуттук буюмдарды тигишет.

“Кийизден тигилген буюм-тайымдар унутта калып жатат. Ошолорду жандандырып, эл ичине кеңири жайылсын деген максат менен шырдак, термеге көп басым кылабыз. Жаштарга үйрөтөбүз”,- деди Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну, ишкер Сырга Мазакеева. 
Кол өнөрчү “Коомчулукка негизделген туризм” уюму менен иштешет. Чет өлкөдөн келген туристер дагы шырдак, термеге кызыгып, алып кетишет.